1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасы
  5. Жаңылыктар

4 дня назад

90

БАС кафедрасында "Маданий жана тарыхый мурастарды коргоо - келечек муундун милдети" аттуу куратордук саат

БАС кафедрасында «Маданий жана тарыхый мурастарды коргоо — келечек муундун милдети» аттуу куратордук саат

БАС кафедрасында маданий жана тарыхый мураска тиешелүү интеллектуалдык менчик объекттерин жана инновацияларды өнүктүрүү жана коргоо багытында ПОВТАС-1-25 жана ПОВТАСк-2-25 тайпаларынын студенттери үчүн куратордук саат өткөрүлдү. Иш-чараны тайпалардын куратору Конурова Ш.Т. уюштурду.

Куратордук сааттын жүрүшүндө студенттерге маданий жана тарыхый мурастардын коомдогу орду, интеллектуалдык менчик түшүнүгү, автордук укуктарды сактоо жана улуттук баалуулуктарды коргоонун мааниси тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле тарыхый мурастарды санариптештирүү, инновациялык технологиялар аркылуу сактоо жана келечек муундарга жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Иш-чара студенттердин интеллектуалдык менчик жана маданий мурастарды коргоо боюнча билимдерин кеңейтүүгө, улуттук баалуулуктарга болгон жоопкерчиликтүү мамилесин калыптандырууга жана инновациялык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталды.