1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасы
  5. Жаңылыктар

4 дня назад

19

БАС кафедрасында "Чыңгыз Айтматов - кылым карыткан улуу жазуучу" аттуу чыгармачылык иш-чара

Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесине карата Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасында графикалык дизайн адистигинин студенттери арасында «Чыңгыз Айтматов – кылым карыткан улуу жазуучу» темасында чыгармачылык сүрөт иштери уюштурулду.

Иш-чаранын алкагында студенттер залкар жазуучунун чыгармаларын, андагы каармандардын образдарын, кыргыз элинин маданиятын жана улуттук баалуулуктарын өздөрүнүн көркөм сүрөт эмгектеринде чагылдырышты. Студенттердин чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүнө, өзгөчө идеяларына жана сүрөттөрдүн көркөмдүк деңгээлине көңүл бурулду.

Жыйынтыгында эң мыкты деп табылган төрт студенттин сүрөт эмгеги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин деңгээлинде Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде уюштурулган «Мыкты сүрөт» сынагына катышуу үчүн жөнөтүлдү.

Иш-чара студенттердин чыгармачылык дараметин өнүктүрүүгө, көркөм ой жүгүртүүсүн кеңейтүүгө жана Чыңгыз Айтматовдун адабий мурасын искусство аркылуу жайылтууга багытталды.