1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасы
  5. Жаңылыктар

4 дня назад

18

БАС кафедрасында "Тарыхты унутпайбыз - ата-бабаларды эскеребиз" аттуу куратордук саат

7–8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата Агрардык-техникалык институтунун Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасында ПОВТАС-1-24 тайпасынын студенттери үчүн куратордук саат өткөрүлдү. Иш-чараны тайпанын куратору Нарматова Н.Т. уюштурду.

Куратордук сааттын жүрүшүндө кыргыз элинин тарыхындагы маанилүү окуялар, ата-бабаларыбыздын өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы жана саясий репрессиялардын курмандыктары тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле тарыхый эс тутумду сактоонун, өткөн муундардын эрдигин жана эмгегин урматтоонун мааниси талкууланды.

Иш-чара студенттердин тарыхый аң-сезимин калыптандырууга, мекенчилдик сезимин арттырууга жана ата-бабалардын мурасын урматтоого тарбиялоого багытталды.