1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 дней назад

20

БАС кафедрасында «Чыңгыз Айтматовдун илимдеги орду» аттуу куратордук саат

«Илим айынын» алкагында Агрардык-техникалык институтунун Башкаруунун автоматташтырылган системасы (БАС) кафедрасында ПОВТАС-1-26 тайпасынын студенттери үчүн «Чыңгыз Айтматовдун илимдеги орду» темасында куратордук саат өткөрүлдү. Иш-чараны тайпанын куратору, БАС кафедрасынын окутуучусу Маматкулова Б.И. уюштурду.

Куратордук сааттын жүрүшүндө залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык мурасы, анын чыгармаларынын илимий жактан изилдениши, адабият таануу жана коомдук ой жүгүртүүнүн өнүгүшүнө кошкон салымы тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле жазуучунун чыгармаларындагы адамзаттык баалуулуктар, билимдин жана илимдин мааниси талкууланды.

Иш-чара студенттердин Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына болгон кызыгуусун арттырууга, илимий ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жана улуттук маданий мурастарды тереңирээк таанып-билүүгө багытталды.