1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасы
  5. Жаңылыктар

6 дней назад

12

БАС кафедрасында "Манас - улут биримдиги жана ынтымагы" аттуу куратордук саат

Манас күнүнө карата Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасында ПОВТАС-1-26 тайпасынын студенттери үчүн «Манас — улут биримдиги жана ынтымагы» темасында куратордук саат өткөрүлдү. Иш-чараны тайпанын куратору, БАС кафедрасынын окутуучусу Маматкулова Б.И. уюштурду.

Куратордук сааттын жүрүшүндө «Манас» эпосунун кыргыз элинин тарыхындагы жана маданиятындагы орду, анын улуттук биримдикти, ынтымакты жана мекенчилдикти даңазалаган идеялары тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле эпостун тарбиялык мааниси жана жаш муундарга калтырган руханий мурасы талкууланды.

Иш-чара студенттердин улуттук баалуулуктарга болгон урмат-сыйын арттырууга, ынтымакка, биримдикке жана мекенчилдикке тарбиялоого багытталды.