1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасы
  5. Жаңылыктар

6 дней назад

11

БАС кафедрасында тарыхый-маданий жана ыйык жерлерди сактоо боюнча куратордук саат

Агрардык-техникалык институтунун Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасында ИЭТ-1-24 жана ИЭТ-2-24 тайпаларынын студенттери үчүн тарыхый-маданий жайларды жана касиеттүү ыйык жерлерди сактоо, аларга аяр мамиле жасоо темасында куратордук саат өткөрүлдү. Иш-чараны тайпалардын куратору, БАС кафедрасынын улук окутуучусу Батырова Ы.М. уюштурду.

Куратордук сааттын жүрүшүндө Падыша-Ата, Арстанбап-Ата, Шор-Булак, Айып-Булак, Ыдырыс пайгамбардын күмбөзү жана башка тарыхый-маданий жайлардын мааниси тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле ыйык жерлердин тазалыгын сактоо, тарыхый эстеликтерге зыян келтирбөө жана маданий мурастарга урмат-сый менен мамиле жасоо маселелери түшүндүрүлдү.

Иш-чара студенттердин тарыхый-маданий мурастар тууралуу билимин кеңейтүүгө, улуттук баалуулуктарды урматтоого жана аларды сактоого жоопкерчиликтүү мамиле кылууга тарбиялоого багытталды.