1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

14

БАС кафедрасында студенттердин чыгармачылык жана практикалык иштерин баалоо

Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасында ГДк-1-26 тайпасынын студенттеринин чыгармачылык жана практикалык иштерине кароо жүргүзүлдү. Иш-чарага тайпанын окутуучусу Батырбекова Н.К. жана БАС кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы катышты.

Кароо учурунда студенттердин аткарган иштери тааныштырылып, алардын сапаты, көркөмдүк деңгээли, чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрү жана окуу процессинде өздөштүргөн практикалык көндүмдөрү бааланды.

Иш-чара студенттердин чыгармачылык потенциалын өнүктүрүүгө, практикалык билимдерин бекемдөөгө жана кесиптик чеберчилигин жогорулатууга багытталды.