1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

12

БАС кафедрасында "Чыңгыз Айтматов ааламы" аттуу куратордук саат

Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесине арналган «Чыңгыз Айтматов ааламы» аттуу куратордук саат өткөрүлдү. Иш-чарага ИЭТ-1-24 жана ИЭТ-2-24 тайпаларынын студенттери катышты. Куратордук саатты БАС кафедрасынын улук окутуучусу Батырова Ы.М. уюштурду.

Куратордук сааттын жүрүшүндө студенттер топторго бөлүнүп, жазуучунун өмүрү, чыгармачылыгы, чыгармаларында чагылдырылган адамдык баалуулуктар жана алардын тарбиялык мааниси боюнча кызуу талкуу жүргүзүштү. Студенттер өз ойлорун ортого салып, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы негизги идеялар тууралуу пикир алмашышты.

Иш-чара студенттердин адабиятка болгон кызыгуусун арттырууга, ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жана улуу жазуучунун чыгармачылык мурасын тереңирээк таанып-билүүгө багытталды.