1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасы
  5. Жаңылыктар

6 дней назад

28

ИЭТ(маг)веч-1-25 тайпасынын магистранттары илимий-өндүрүштүк практика боюнча отчет беришти

Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасында ИЭТ(маг)веч-1-25 тайпасынын магистранттары илимий-өндүрүштүк практикасынын жыйынтыгы боюнча отчетторун ийгиликтүү тапшырышты.

Отчет берүү иш-чарасына практика жетекчилери жана магистранттар катышты. Анын жүрүшүндө магистранттар практика мезгилинде аткарган иштери, жүргүзгөн илимий изилдөөлөрү жана жетишкен натыйжалары тууралуу маалымат беришти.

Практика жетекчилери магистранттардын отчетторун карап чыгып, аткарылган иштерге баа беришти. Илимий-өндүрүштүк практика магистранттардын теориялык билимдерин бекемдөөгө, илимий изилдөө жана кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталды.