1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасы
  5. Жаңылыктар

6 дней назад

29

БАС кафедрасында "Заманбап маалыматтык технологиялар жана санариптештирүү" аттуу илимий конференция

Илим айынын алкагында Агрардык-техникалык институтунун Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасында «Заманбап маалыматтык технологиялар жана санариптештирүү» темасында илимий конференция өткөрүлдү.

Конференцияга Агрардык-техникалык институтунун директору, э.и.д., профессор Карбекова А.Б., БАС кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Ажыкулов С.М., кафедранын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө заманбап маалыматтык технологиялардын өнүгүшү, санариптештирүүнүн коомдогу орду, билим берүү тармагындагы инновациялык технологиялар жана алардын колдонулуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу илимий баяндамалар жасалды.

Конференция студенттердин илимий изилдөөгө болгон кызыгуусун арттырууга, билим жана тажрыйба алмашууга, ошондой эле илимий ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө багытталды.