Апрель революциясына 14 жыл
2024-жылдын 5-апрель күнү Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин тарых жана педагогика, психология жана окутуунун методикасы кафедралары тарабынан “ 7 - апрель революциясына 14 жыл” аталыштагы тегерек стол уюштурулду.
Бул иш чарага профессордук-окутуучулук курам, студенттер, ошондой эле университеттин магистратура жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы ф.и.к., доцент Д.М.Чокоева, тарых кафедрасынын башчысы т.и.к., доцент Г.А.Анарбаева, педагогика, психология жана окутуунун технологиясы кафедрасынын башчысы п.и.к., доцент Г.Матазимова жана тарых кафедрасынын улук окутуучусу Ж.Т.Рысбаевалар катышып революциянын маанисин, мазмунун кеңири түшүндүрүп беришти. Т-1-23 тайпасынын студенти Ирисалиева А.Э. "7-апрель революциясынын тарыхый мааниси " аталыштагы доклад окуду. Тегерек стол суроо-жооп менен коштолуп өз максатына жетти.