ОЛИМПИАДА 2024
2024-жылдын 30-мартында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде жыл сайын студенттер арасында өткөрүлүүчү предметтик олимпиадалардын университеттик туру жыйынтыкталды. Кыргызстандын тарыхы предмети боюнча профиль жана профиль эмес студенттер арасында сынакта жогорку балл алган студенттерге 1-2-3-даражадагы дипломдор менен сыйланышып, ЖОЖдор арасында өткөрүлүүчү Аймактык студенттердин олимпиадасына жолдомо алышты. Аймактык олимпиада 2024-жылдын 20-апрелинде Ош технологиялык университетинде өткөрүлмөкчү. Бардык жеңүүчүлөргө ийгиликтерди каалайбыз!