1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Тарых кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

15

ЭЛЕКТИВДҮҮ ДИСЦИПЛИНАЛАР КАТАЛОГУ (ЭКД): БИЛИМ БЕРҮҮ ТРАЕКТОРИЯСЫН ТАНДООДОГУ МААНИЛҮҮ КАДАМ

Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун Тарых кафедрасы тарабынан студенттердин кесиптик өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү жана алардын жеке билим алуу траекториясын туура калыптандыруу максатында «Элективдүү дисциплиналар каталогу (ЭКД)» боюнча илимий-методикалык тегерек стол өткөрүлдү.Аталган иш-чарага Т-1-25, Т-1-24, Т-1-23, Т-1-22, Тмаг-1-24 жана Тмс-1-25 тайпаларынын студенттери активдүү катышышты. Жолугушуунун жүрүшүндө кафедранын профессордук-окутуучулук курамы студенттерге сунушталып жаткан элективдүү сабактардын өзгөчөлүктөрү, алардын мазмундук багыты, билим берүү процессиндеги орду жана келечектеги кесиптик ишмердүүлүк үчүн мааниси тууралуу кеңири маалымат беришти.Мультимедиалык презентациялар аркылуу ар бир окутуучу өзүнүн автордук дисциплинасынын актуалдуулугун, тарых илимин өнүктүрүүдөгү ролун жана заманбап талаптарга шайкештигин мисалдар менен түшүндүрүп берди. Бул студенттерге ар бир сабактын өзгөчөлүгүн тереңирээк түшүнүүгө жана туура тандоо жасоого мүмкүнчүлүк түздү.Тегерек столдун эң кызыктуу бөлүгү студенттер менен окутуучулардын ортосундагы ачык диалог болду. Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, сунушталган дисциплиналар боюнча пикир алышып, келечектеги илимий жана кесиптик максаттарына ылайык пайдалуу кеңештерди алышты.Иш-чаранын жыйынтыгында студенттер өздөрүнүн кызыгуусуна, жөндөмүнө жана кесиптик келечегине ылайык элективдүү дисциплиналарды аң-сезимдүү тандоонун маанилүүлүгүн түшүнүшүп, ЭКД боюнча туура чечим кабыл алышты.Тегерек столдун жыйынтыгында Тарых кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Г.А. Анарбаева студенттердин билим алуу багытын туура аныктоодо элективдүү дисциплиналардын ролу өзгөчө мааниге ээ экендигин белгиледи. Ошондой эле мындай иш-чаралар студенттердин илимий дүйнө таанымын кеңейтүүгө, кесиптик компетенттүүлүгүн калыптандырууга жана өз алдынча тандоо маданиятын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн баса белгиледи. Иш-чара ачык пикир алышуу, тажрыйба алмашууга жана билим берүү процессин өркүндөтүүгө өбөлгө түзгөн жемиштүү иш-чара катары жыйынтыкталды.