1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Тарых кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

17

ТАРЫХ КАФЕДРАСЫНДА СТУДЕНТТЕРДИН АТА-ЭНЕЛЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ

2026-жылдын 29-майы күнү Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун Тарых кафедрасы тарабынан 1-курстан 4-курска чейинки студенттердин ата-энелери менен жолугушуу өткөрүлдү. Жыйындын негизги максаты — студенттердин билим алуусу, тарбиясы, жетишкендиктери жана окуу процессиндеги кызматташтыкты бекемдөө болду.Жыйында алгач сөз сүйлөгөндөр: ПИнин директору Калыбекова З.С, директордун орун басары Осмоналиева Сабира эжеке, кафедра башчысы Г.А. Анарбаева болушту. Алар ата-энелерге студенттерге көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, жаштардын билимдүү, тарбиялуу болуп өсүшүндө үй-бүлөнүн орду чоң экенин белгилешти.Ошондой эле окутуучулар Атабекова Ш.Б, Рысбаева Ж.Т, Авазов Э.А, Халматов К.А, Умарова М.К, Райимкулова Г.А сөз сүйлөп, студенттердин окуудагы жетишкендиктери, тартип маселелери жана алдыдагы максаттар тууралуу маалымат беришти.Жыйындын жүрүшүндө ата-энелер да өз ойлору менен бөлүшүштү. Алар балдары ЖАМУну тандаганына ыраазы экендиктерин жана ушул окуу жайдан билим алып жаткандыктарына сыймыктанарын баса белгилешти. Билим берип жаткан профессордук-окутуучулук курамга түйшүктүү иштеринде ийгиликтерди каалашты.Иш-чаранын соңунда активдүү катышкан ата-энелерге жана ийгиликтүү студенттерге ыраазычылык каттар тапшырылып, аларга терең ыраазычылык айтылды.