ЖАМУнун Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен кызматташуусу алкагындагы иш чара
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институту тарабынан Ош областынын Өзгөн районундагы Баш-Дөбө айыл аймагында жайгашкан Кызыл-Октябрь шаар чалдыбарында Борсунбаев Марстын жетекчилиги астында жүргүзүлүп жаткан археологиялык казууга, ЖАМУну тарых кафедрасынын окутуучусу Тайчиков Канатбек келип кошулду.
Эрте темир дооруна таандык Кызыл-Октябрь шаар чалдыбары 1960-жылы археологиялык чалгындоо учурунда археолог, тарых илиминин доктору Заднепровский Ю. А. тарабынан ачылган.
Биргеликте иштешүү жаш адиске кошумча тажрыйба алууга жана эрте темир доорундагы шаар чалдыбарларын казуунун ыкмаларын үйрөнүүгө мүмкүндүк берет.