1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Тарых кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

26

07.00.02 — “АТА-МЕКЕН ТАРЫХЫ”АСПИРАНТУРА БАГЫТЫН АЧУУ МАСЕЛЕСИ БОЮНЧА

“Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплекси мекемесинин Э. Уметов атындагы педагогикалык институту тарабынан (2026-жылдын 30-мартындагы №23 буйругуна ылайык) жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү (аспирантура) программалары боюнча билим берүү ишин жүргүзүүгө лицензия алууга берилген арызы төмөнкү курамдагы комиссия тарабынан каралып, текшерилди:Комиссиянын төрагасы:Нурунбетов Балтагул Аттокурович — М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин профессору, тарых илимдеринин доктору.Комиссия мүчөлөрү:Осмонов Самарбек Жумабекович — Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин тарых кафедрасынын доценти, тарых илимдеринин кандидаты.Арстанов Сабыр Абдыманапович — Ош мамлекеттик университетинин тарых-юридика институтунун директорунун орун басары, тарых илимдеринин кандидаты, доцент.Комиссия тарабынан Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун аспирантура программаларын ачууга даярдыгы, анын ичинде тарых адистиги боюнча 07.00.02 — “Ата-Мекен тарыхы” багытын ачуу маселеси боюнча сунушталган документтер, материалдык-техникалык база, илимий даражалуу окумуштуулардын жетиштүүлүгү жана окуу-усулдук камсыздоо талаптарга ылайык текшерилип каралды.Ошондой эле көрсөтүлгөн багыт боюнча жүргүзүлүп жаткан эксперименттик иштердин абалы жана жаш изилдөөчүлөрдүн потенциалдык жетиштүүлүгү менен муктаждыктары да ар тараптуу талдоодон өткөрүлдү.Жыйынтыгында комиссия тарабынан тиешелүү корутундулар жана сунуштар даярдалды.