1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Тарых кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

16

"Студенттердин кесиптик тажрыйбасын эл аралык деңгээлде өнүктүрүү"

“Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий изилдөө өндүрүштүк комплекси менен Андижан мамлекеттик университетинин (Өзбекстан Республикасы) ортосундагы түзүлгөн эки тараптуу кызматташтык келишиминин негизинде, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана региондор аралык илимий-академиялык байланыштарды чыңдоо максатында, Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун «Тарых» кафедрасынын төмөнкү студенттери академиялык мобилдүүлүк программасына жөнөтүлдү:1) Кудайназаров Бекназар Адылбекович– Т-1-23 тайпасынын студенти;2) Маматкаримова Айдана Уланбековна – Т-1-23 тайпасынын студенти;3) Саркарбаева Хожинисо Толибжановна– Т-1-23 тайпасынын студенти. Жогорудагы аталган студенттер 2026-жылдын 13-апрелинен 25-апрелине чейинки аралыкта (I-модуль алкагында) Андижан мамлекеттик университетинин базасында тарых багыты боюнча окуу курстарын өздөштүрүү, архивдик жана музейлерди изилдөөлөрүнө катышуу жана теориялык билимдерин практикада бекемдөө үчүн жиберилди.Академиялык мобилдүүлүктүн негизги максаты:– эл аралык стандарттарга ылайык тарыхый изилдөө жана талдоо жүргүзүү боюнча кесиптик компетенттүүлүктөрдү калыптандыруу, тарых илими боюнча заманбап изилдөө методдору, архивдик иш алып баруу жана булактарды талдоо ыкмалары менен таанышуу, эки окуу жайдын ортосундагы студенттик демилгелерди, илимий кызматташууну жана маданий-гуманитардык байланышты өнүктүрүү — дейт Тарых кафедрасынын башчысы Гулнара Анарбаева.