1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Тарых кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

15

«ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ ЖАНА ЫСЫК-КӨЛ ФОРУМУНУН 40 ЖЫЛДЫГЫНА» КАРАТА ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ

Улуу гуманист, дүйнөгө белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы жана Ысык-Көл форумунун 40 жылдыгына карата «Чыңгыз Айтматовдун руханий-гуманисттик мурасы жана Ысык-Көл форуму: улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик уңгу жолу туруктуу өнүгүүнүн, маданияттар жана цивилизациялардын диалогу» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциясы болуп өттү. Анын жүрүшүндө “Маданияттар аралык байланыш жана дипломатия. Ысык-Көл форуму цивилизациялардын диалогунун мейкиндиги катары” багыттында 4-секциясы иш алып барды. Бул секцияда т.и.к., доцент Э.А.Авазов модератор, катчы А.А.Эралиева иш алып барышты.4-секцияда Ошмунун доцентти т.и.к., А.К.Мурзакметов жана ЖАМУнун окумуштуулары Д.М.Чокоева , Ы.Исабаева жана Э.А.Авазов илимий баяндамаларын жасашты.Баяндамачылар тарабынан айтылган пикирлер кызыктуу суроо-жооптор менен коштолуп, баалуу сунуштар жана пикирлер ортого салынды.Секциялык иштин жүрүшүндө окулган баяндамалар катышуучулар тарабынан басмага берүүгө сунушталды. Ошондой эле катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.Эл аралык илимий-практикалык конференциянын катышуучуларына ийгиликтерди каалайбыз!!!