1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Тарых кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

11

МАНАС ШААРЫНДА ИШЕМБИЛИК ӨТКӨРҮЛДҮ

28-мартта Манас шаарындагы фольклордук талаада массалык ишембилик өткөрүлдү. Иш-чарага мекеме-ишканалардын өкүлдөрү, шаар тургундары жана жаштар менен катар Тарых кафедрасынын окутуучулары жана студенттери да активдүү катышышты.Ишембиликтин алкагында фольклордук талаа, курорт токоюнун аймагы жана “Манас” стеласынын айланасы тазаланып, ирээтке келтирилди.Мындай иш-чаралар жарандардын жоопкерчилигин арттырып, шаарды таза жана көрктүү сактоого өбөлгө түзөт. Уюштуруучулар ишембиликтин жыйынтыгын жогору баалап, бардык катышуучуларга ыраазычылык билдиришти.