1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Тарых кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

15

МАГИСТРДИК ИЗИЛДӨӨ: ИШТИ ЖАЗУУ, ТЕХНИКАЛЫК ТАРИЗДӨӨ, КОРГООГО ДАЯРДАНУУ ЖАНА КОРГОО” АТАЛЫШЫНДАГЫ ИЛИМИЙ-МЕТОДОЛОГИЯЛЫК СЕМИНАР

2026-жылдын 23-март күнү Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун тарых кафедрасында Тмаг-1-24 тайпасынын магистранттары үчүн кафедранын т.и. к., доценти Авазов Эрнис Абдыманапович “Магистрдик изилдөө: ишти жазуу, техникалык тариздөө, коргоого даярдануу жана коргоо” аталышындагы илимий-методологиялык семинар өткөрүлдү.Иш-чаранын жүрүшүндө магистрдик квалификациялык изилдөөнүн негизги этаптары, илимий ишти жазуунун принциптери, текстти туура форматтоо, шилтемелерди берүү жана иштин структуралык компоненттери тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле ишти тариздөөнүн талаптары, алдын ала коргоо жана негизги коргоого даярдануу, баяндама жана презентация түзүүнүн өзгөчөлүктөрү мисалдар менен көрсөтүлдү.Семинар суроо-жооп форматында өтүп, магистранттар өздөрүн кызыктырган суроолорго так жана негиздүү жоопторду алышты. Иш-чарага сапаттуу билим тарабынан жүргүзүлүп жаткан аккредитациянын эксперти тарых илимдеринин кандидаты,доцент Ш. А. Дыйканова катышты.Мындан тышкары, магистранттар учурда илимий-изилдөө практикасын өтөп жатышкандыгы белгиленип, практика учурунда алынган теориялык билимдерди практикада колдонуу, изилдөө материалдарын топтоо жана талдоо боюнча сунуштар берилди.Семинардын жыйынтыгында катышуучулар илимий иш жазууда материалды системалуу берүү, маалыматтарды талдоо жана сапаттуу презентация даярдоо боюнча маанилүү практикалык көндүмдөргө ээ болушту. Бул семинар магистрдик изилдөөлөрдү даярдоодо жана ийгиликтүү коргоодо өзгөчө мааниге ээ болду.