1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Тарых кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

43

КАССРдин ТҮЗҮЛГӨНДҮГҮНҮН 100 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН КЕРЕГЕ КЕҢЕШ.

26-февраль күнү Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун тарых кафедрасында өлкө Президенти С.Н. Жапаровдун “Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар жөнүндө” жарлыгын жүзөгө ашыруу максатында КАССРдин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата “Азыркы кыргыз мамлекетин түптөгөн аталар жана алардын ишмердүүлүктөрү” аттуу кереге кеңеш уюштурулду. Иш-чаранын алкагында студенттерге т.и.к., доцент Э.Авазов тарабынан Т-1-25 тайпасында “Азыркы кыргыз мамлекетин түптөгөн аталар жана алардын ишмердүүлүктөрү” деген темада ачык сабак өтүлдү. Сабакта кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына эбегейсиз салымдарын кошушкан мамлекетти түптөгөн аталар Абдыкерим Сыдыков, Иманаалы Айдарбеков, Абдыкадыр Орозбеков Жусуп Абдрахманов жана Ишенаалы Арабаев жөнүндө кеңири баяндалды. Алардын өмүр жолундагы жана ишмердүүлүктөрүндөгү айрым белгисиз жактары ачып берилди. Соңунда 1924-жылы түзүлгөн Кара-Кыргыз автономиялуу облусу кыргыз элинин өз алдынча мамлекеттик бирдик катары түзүлүшүнө негиз болгону, кийин ал Кыргыз автономиялуу советтик социалисттик республикасы, андан соң союздук республика статусун алып, азыркы эгемендүү Кыргыз Республикасынын пайдубалын түзгөнү тууралуу ойлору менен жыйынтыкталды. Сабак фотодокументтерди камтыган слайд менен коштолду. Анын жүрүшүндө студенттер мамлекеттүүлүктү түптөөгө салым кошкон тарыхый инсандардын ишмердүүлүктөрү тууралуу ойлору менен бөлүшүштү. Кийинки бөлүктө кереге кеңештин катышуучулары ф.и.д., профессор И.Абдувалиев, т.и.к., профессор Э.Сулайманов, ага окутуучу Ж.Рысбаевалар аталган маселенин айланасында ойлорун ортого салышты жана студенттерди мекенди сүйүүгө, тарыхый инсандарды ишмердүүлуктөрүн унутпоого чакырышты. Жыйынтыгында тарых кафедрасынын башчысы , т.и.к., доцент Г.Анарбаева бул багытта аткарылып жаткан иштер боюнча маалыматтар менен бөлүштү. Кереге кеңештин жүрүшү тасмага алынып, маалыматтык сайттарга жана социалдык тармактарга жайгаштыруу үчүн даярдалды. Бул иш-чара жаштардын тарыхка болгон кызыгуусун арттырып, мекенчилдик сезимин бекемдөөгө багытталды.