1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Тарых кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 день назад

9

МЫЙЗАМДАРДЫН ТАЛАПТАРЫН ТҮШҮНДҮРҮҮ БОЮНЧА КУРАТОРДУК СЕМИНАР

КР 2017-жылдын 27-апрелиндеги №63 “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө”, 2015-жылдын 21-июлундагы №185 “Кыргыз Республикасындагы балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө” мыйзамдарынын аткарылышын камсыз кылуу максатында жер-жерлерде үй-бүлөлүк зомбулуктун жана жашы жете элек өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, өмүрүнө кол салуунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү жана профилактикалык иштерин күчөтүү, ошондой эле иш чаралардын натыйжалуу аткарылышын камсыз кылуу максатында ЖАМУнун №185 тескемесине ылайык Педагогикалык институттун иш-планынын аткаруунун алкагында Тарых профилиндеги Т-1-24 жана Т-1-25 тайпалары "Мыйзамдардын талаптарын түшүндүрүү " боюнча куратордук семинар саат өтүлдү. Семинардын уюштуруучусу Т-1-24 тайпасынын куратору Рысбаева Жамила Төлөновна ошондой эле тарых кафедрасынын профессордук-окутуучулук жамаатты. Семинарда үй-бүлөлүк зомбулуктун түрлөрү, анын кесепеттери, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн укуктарын коргоо, кылмыштуулуктун алдын алуу механизмдери жана ар бир жарандын мыйзам алдындагы жоопкерчилиги тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле студенттерге укуктук маданиятты жогорулатуу, зомбулукка кайдыгер карабоо, кыйын кырдаалда тиешелүү органдарга кайрылуу тартиби боюнча практикалык кеңештер айтылды.Иш-чара суроо-жооп, талкуу форматында өтүп, студенттер өз ойлорун билдирип, кызыктырган суроолоруна жооп алышты. Семинардын негизги максаты — жаштардын укуктук аң-сезимин калыптандыруу, коомдогу терс көрүнүштөрдүн алдын алууга активдүү жарандык позицияны өнүктүрүү жана мыйзамдардын талаптарын так сактоого чакыруу болду.Мындай профилактикалык жана түшүндүрүү иш-чаралары студенттердин жоопкерчилигин арттырып, коопсуз жана сергек коомду калыптандырууга өбөлгө түзөт. Семинарга ПИ нин директору ф.и.к., доцент Калыбекова З.С жана Тарых кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы катышып, баалуу пикирлерин айтышып уюштуруучуларга, кураторго терең ыраазычылык билдиришти.