1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Тарых кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 дня назад

37

ТЕРРОРИЗМ ЖАНА ЭКСТРЕМИЗМГЕ КАРШЫ КҮРӨШҮҮ БАГЫТЫНДА ИШ-ЧАРА

2026-жылдын 24-февраль күнү окуу жайдын педагогикалык институтунун Тарых профилиндеги Т-1-22 тайпасында Терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү багытында иш чара уюштурулуп, ачык тарбиялык саат өтүлдү. Терроризм жана экстремизм бүгүнкү күндүн эң коркунучтуу көйгөйү. Коомго чоң коркунуч жаратуу менен коомдун бүтүндүгүн, өлкөдөгү стабилдүүлүктү ыдыратуу менен коомдун бүтүндүгүнө доо кетирүүчү коркунучтуу көрүнүш. Ошондуктан бул маселелер дүйнөлүк денгээлде маанилүү болуп, көптөгөн өлкөлөр ага каршы комплекстүү иш-чараларды көрүп келет. Экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү бул жалпы элдик,мамлекеттик милдет. Мамлекет, эл аралык уюмдар,жарандар биргелешип аракет кылсак гана тынчтыкты, коопсуздукту камсыз кылууга болот Т-1-22 тайпасында ачык сабакта студенттерге терроризм, анын коркунучтуу кесепеттери жана терроризм үчүн мыйзамда каралган беренелер, жаза маселелери боюнча маалыматтар берилди. Иш-чарага институттун директору доцент, З.Калыбекова,кафедра башчы доцент Г.Анарбаева, кафедранын доценттери Э.Авазов. К.Халматовдор катышты. Иш-чараны уюштурган куратор Ш.Атабекова.