1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Тарых кафедрасы
  5. Жаңылыктар

4 дня назад

18

ТИЛ - УЛУТТУН УҢГУСУ

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э.Уметов атындагы педагогикалык институнун Тарых кафедрасынын улук окутуучусу Рысбаева Жамила Төлөновна менен Райымкулова Гулнара тарабынан “Тил -улуттун уңгусу” – маданий иш-чара өткөрүлдү.Иш-чарага институттун директору, ф.и.к., доцент Калыбекова З.С., филология илимдеринин доктору, профессор Абдувалиев И, ф.и.д., профессор Мирзахмедова М.И., Конфуций институтунун директору ф.и.к., доцент Шакирова М. Р.С конок катары чакырылып өздөрүнүн мазмундуу баяндама жасашты. Тарых кафедрасынын башчысы Анарбаева Г.А ар бил улут өз тилин сыйлоого, аяр мамиле жасоо менен бирге өз мамлекетин көз карегиндей сактоого чакырып кетти. Иш-чаранын негизги максаты — мамлекеттик тилдин баалуулугун даңазалоо, студенттердин тилге болгон сый-урматын арттыруу жана улуттук маданиятты сактоого үндөө болду. Программада студенттер тарабынан ар бир дүйнөлүк тилдер боюнча тилдердин боюнча алардын тарыхы боюнча кызыктуу баяндама жасашып берди ошондой эле көркөм окуулар окулду. Катышуучулар иш-чаранын мазмундуулугун жана уюштурулуш деңгээлин жогору баалап, жаштардын тилге болгон жоопкерчилигин жогорулатуу, башка тилдерге аяр мамиле жасоону, тил багытындагы мындай иш-чаралар мындан ары да улантылышы керектигин белгилешти.