1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Тарых кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

53

ТМС-1-25 МАГИСТРЛЕР БАШКАРУУ ПРАКТИКАСЫНА, Т-1-23 СТУДЕНТТЕРИ КЕСИПТИК БАЗАЛЫК ПРАКТИКАГА ЧЫГУУГА БАЙЛАНЫШТУУ УЮШТУРУЛГАН КОНФЕРЕНЦИЯ

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Тарых багыты боюнча билим алып жаткан Тмс-1-25 магистрлер башкаруу практикасына, ал эми Т-1-23 студенттери кесиптик базалык практикага чыгууга байланыштуу уюштурулган конференцияга катышышты.Конференциянын негизги максаты – студенттерди практика процессине багыттоо, практиканын максаты, милдеттери жана уюштурулушу боюнча кеңири маалымат берүү болду.Иш-чарада Педагогика инстититтун директору Калыбекова Зияда сөз сүйлөп, башкаруу жана кесиптик базалык практиканын келечектеги адистер үчүн маанисине токтолду. Ал практика студенттердин теориялык билимин практикалык ишмердүүлүк менен айкалыштырып, башкаруучулук жана педагогикалык көндүмдөрдү калыптандырууда маанилүү роль ойной турганын белгиледи.Ошондой эле практиканын өндүрүштүк бөлүгү боюнча жооптуу Жолдошалиева Нурия эжеке практиканын өтүү тартиби, талаптар, отчеттук документтер жана жоопкерчилик маселелери тууралуу кеңири маалымат берди.Конференциянын жүрүшүндө практика жетекчилериРысбаева Ж., Умарова М., Райимкулова Г. эжекелер сөз сүйлөп, студенттерге практика учурунда тартипти сактоо, берилген тапшырмаларды өз убагында аткаруу, мекемелердин ишмердүүлүгү менен жакындан таанышуу зарылдыгын белгилешти.Иш-чара суроо-жооп форматында улантылып, студенттер практика боюнча өздөрүн кызыктырган суроолоруна толук жооп алышты. Конференция мазмундуу өтүп, студенттерге практика мезгилине так багыт берди.