1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Тарых кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

67

КЫРГЫЗ ЭЛИНИН КӨРҮНҮКТҮҮ МАМЛЕКЕТТИК ЖАНА САЯСИЙ ИШМЕРИ А. ОРОЗБЕКОВ ЖАЛАЛ- АБАД ПЕДТЕХНИКУМУНУН “АРДАКТУУ СТУДЕНТИ “ БОЛГОНБУ?

Кыргыз элинин көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери А. Орозбеков Жалал- Абад педтехникумунун “ардактуу студенти “ болгонбу? Кыргыз мамлекеттүүлугүн тарыхында олуттуу этаптардын бири болгон Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнө жүз жыл толуп олтурат. Анын алкагында бир катар иш-чаралар мерчемделген. 5-февраль күнү Экономика жана укук институнда “АБДЫКАДЫР ОРОЗБЕКОВДУН ЖАШАГАН ДООРУ, ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ, ТАРЫХТАГЫ ОРДУ” аталышындагы илимий кереге-кеңеш болуп өттү. Аталган иш чарага тарых кафедрасынын доценти т.и.к. Э.А. Авазов “АБДЫКАДЫР ОРОЗБЕКОВ КЫРГЫЗ ЭЛИНИН КӨРҮНҮКТҮҮ МАМЛЕКЕТТИК ЖАНА САЯСИЙ ИШМЕРИ” аттуу баяндама менен катышты. Анда баяндамачы тарабынан Абдыкадыр Орозбековдун мамлекеттик ишмер катары калыптанышынын негизги этаптары жана мамлекеттүүлүктү түптөгөн аталардын бири катары чагылдырылды. Ал тарыхый аренага курч талаш-тартыштардын, татаал саясий шарттардын учурунда келип, өз доорунун көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири боло алган. Абдыкадыр Орозбеков сабатсыздыкка кайдыгер карабаган, билимдин коом үчүн маанисин терең түшүнгөн инсан болгон. Анын Жалал-Абад педагогикалык техникумунун 4-бүтүрүүчүлөрүнүн катарында «ардактуу студент» катары сүрөтү сакталып калгандыгын белгилеп, ал бул окуу жайда окубагандыгын бирок, ошол кездеги көзгө басар окуу жайлдардын бири болгондуктан ага ушундай наамды беришкендигин белгиледи. Өзү мамлекеттин эң жогорку жетекчиси болуп турганына карабастан, ал өзүнүн билими тууралуу маалыматты жашырган эмес жана айтылган сын-пикирлерди туура кабыл ала билген. Ушул себептен улам, Орозбеков кыргыз жаштарынын билим алуусу үчүн баардык күч-аракетин жумшап, айрыкча түштүк аймактарында педагогикалык кадрларды даярдоочу окуу жайлардын ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурган. Анын колдоосу менен 1926-жылы облустук билим берүү бөлүмүнүн чечими боюнча үч жылдык педагогикалык техникум уюштурулган. Каржы тартыштыгына байланыштуу 1926-жылдын январына чейин окуу жай вакуф тарабынан каржыланып келген. Ал эми 1-январдан тартып Ош–Жалал-Абад педагогикалык техникуму деп атала баштаган. Жалал-Абад жана Ош кантондорунун биригүүсүнө байланыштуу, 1926–1927-окуу жылынын аягында окуу жай Жалал-Абад шаарына көчүрүлгөн. Бул окуу жай айыл-кыштактар үчүн мугалимдерди гана даярдабастан, алгачкы кыргыз интеллигенциясынын калыптанышына олуттуу салым кошкон. Баяндамачы Э.Авазов тарабынан аталган инсандык ишмердүүлүгүнүн айрым жактары катышуучуларга кызыктуу фактылар менен баяндалды. Бандама жана “А. Орозбековдун инсан, мамлекеттик ишмер катары калыптанышын негизги этаптары”;“Так талашта тарыхый аренага келген Абдыкадыр Орозбеков”;“А.Орозбеков сабатсыздыкка салкын карабаган”; “Жалал- Абад педтехникумунун “ардактуу студенти “ ж.б. слайд менен коштолду .Жыйынтыгында баяндамачы иш-чараны жогорку деңгээлде уюштурган уюштуруучуларга терең ыраазычылыгын билдирип, мындай мазмундагы илимий-тарыхый жолугушуулар жаш муундун тарыхый аң-сезимин калыптандырууда өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.