1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Тарых кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

10

Тмаг-24 ТАЙПАСЫНЫН ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ ПРАКТИКАСЫНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ

2025-жылдын 25-декабрь күнү ЖАМУнун Э.Уметов атындагы педагогикалык институтунун тарых кафедрасынын Т-маг-1-24 тайпасынын магистранттары үчүн илимий-изилдөө практикасын жыйынтыктоочу конференция өткөрүлдү. Иш-чарага ЖАМУнун практика жана карьера бөлүмүнүн башчысы Жолдошалиева Н. С., педагогикалык институтунун директору, ф.и.к. З.К.Калыбекова жана кафедранын илимий жетекчилери катышып, сөз сүйлөштү. Конференциянын жүрүшүндө магистранттарга төрт жумалык практика учурунда аткарылган иш-чаралар тууралуу кеңири маалымат беришти. Практиканын жүрүшүндө илимий жетекчилери менен тыгыз байланышта болуп макала даярдап басмага берүү алдында тургандыгын баяндашты. Ошондой эле, магистранттар илимий жетекчилери менен биргеликте мындан ары квалификациялуу иштер боюнча аткара турган иш пландарын түзүлгөндүгүн белгилешти. Практика жетекчилери мындан ары магистранттардын илимий ишин жазууга даярдыкты баштоо керектигин баса белгилешти.