1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Тарых кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

21

"ИШ БЕРҮҮЧҮ ЖАНА БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН СОЦИАЛДЫК ӨНӨКТӨШТҮК ЖОЛУГУШУУСУ" 

2025-жылдын 24-декабрь күнү Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э.Уметов атындагы педагогикалык институнун профессор-окутуучулар курамы тарабынан "Иш-берүүчү жана бүтүрүүчүлөр менен социалдык өнөктөштүк жолугушуусу" аталышындагы иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарага ЖАМУнун сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү жогорку окуу жайдын ректорлору, шаардын жана райондун бир топ мектептеринин директорлору, иш-берүүчү жана бүтүрүүчүлөрү катышышты. Иш чаранын негизги максаты - билим берүү программаларын эмгек рыногунун талаптарына ылайыкташтыруу, болочок педагогдордун кесиптик даярдыгын жогорулатуу жана ЖОЖ, мектеп жана иш берүүчүлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо болуп саналат.Иш-чаранын жүрүшүндө келген коноктор тарабынан бир топ баалуу сунуштар, каалоо тилектер айтылды. Жыйындын экинчи бөлүгү " Тарых" секциясында уланып Манас шаардык тарых музейинин директору Ж.Ж.Темирова, шаардык архивдин жана областтык архивдин жана мектептин өкүлдөрү, сыймыктуу бүтүрүүчүлөр менен бирдикте окуу программалары, стандарт жана билим берүү программалары талкууланып, бир топ сунуштар түштү. Иш берүүчүлөр тарабынан тарых профили боюнча орус тилдүү адистердин жетишсиздиги жана бүтүрүүчүлөр тест менен иштеп сүйлөө жөндөмү төмөн болуп жаткандыгын баса белгилешти. Жыйынтыгында өнөктөштөргө ыраазычылык каттар тапшырылды.