1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Тарых кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

32

АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК

2025-жылдын 17-декабрында Өзбекстан Республикасынын Андижан педагогикалык институтунун ректору тарых илимдеринин доктору, профессор Б.М.Расуловдун академиялык мобилдүүлүк боюнча чакыруусунун негизинде Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин Тарых кафедрасынын башчысы т.и.к, доцент Г.А.Анарбаева иш сапарына барып келди. Ошондой эле бул иш чарага К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин Философия жана табигый илимдер кафедрасынын башчысы, т.и.к., доцент Н.С. Мырзабаева, Мамлекеттик, расмий тилдер кафедрасынын башчысы, ф.и.к., доцент К.У. Пайзулаевалар катышышты. Иш сапардын максатыакадемиялык мобилдүүлүктүн алкагында тажрыйба алмашуу, илимий кызматташтыкты кеңейтүү жана билим берүү тармагындагы байланыштарды чыңдоо негизги максат болуп белгиленди. Окумуштуулар философия, тарых жана тил илимдери боюнча актуалдуу темаларда конок лекция окушту. Окутуу методикасы боюнча практикалык сабактар өткөрүлдү. Андижан педагогикалык институтунун профессор-окутуучулары менен биргеликте билим берүү системасындагы жаңылыктар жана көйгөйлөр талкууланды. Университеттер ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү боюнча макулдашууларга жетишилди. Студенттер үчүн биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды. Илимий байланыштарды кеңейтүү жана келечектеги биргелешкен изилдөөлөргө жол ачылды. Бул иш сапар академиялык мобилдүүлүктүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу тастыктап, билим берүү тармагындагы эл аралык кызматташтыкты чыңдоого чоң салым кошту.