1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Тарых кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

19

ӨЗБЕКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН НАМАНГАН ПЕДАГОГИКАЛЫК ИНИСТИТУТУ ЖАНА НАМАНГАН МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ТАРЫХ ФАКУЛЬТЕТИ МЕНЕН БИРГЕЛИКТЕ КОШ ДИПЛОМДУУЛУК БОЮНЧА ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН ОРТОСУНДА СҮЙЛӨШҮҮЛӨР

2025-жылдын 11-12-декабрь күндөрү Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э.Уметов атындагы педагогикалык иниститунун Тарых кафедрасынын башчысы Өзбекстан Республикасынын Наманган педагогикалык иниституту жана Наманган мамлекеттик университетинин тарых факультетинин Тарых кафедрасынын башчылары менен биргеликте кош дипломдуулук боюнча окуу жайлардын ортосунда сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.Окуу жайдын окуу пландары каралып, кредиттик сааттардын шайкештиги салыштырылды. Окуу жайдын окутуу тили (англис, орус ж.б.), PhD/докторлук даражасы бар окутуучулардын саны; -окутуучулардын эл аралык тажрыйбасы каралды.Окуу жайдын институционалдык, программалык, инфраструктуралык критерийлери боюнча таанышуу жана сүйлөшүүлөр болду.Өнөктөш ЖОЖдун артыкчылыгы Жалал-Абад облусу менен жакын жайгашкандыгы (каржылык колдоо);- улуттук жана эл аралык деңгээлдеги аккредитациядан өткөндүгү; -улуттук же эл аралык рейтингдеги илимий басылмалардын жарык көрүшү (Scopus, Web of Science); -программаны узак мөөнөттүү ишке ашырууга жетиштүү каржылык жана материалдык ресурстардын болушу каралды.Бул окуу жайлар ортосунда жатакана, медициналык камсыздандыруу жана адаптация боюнча кызматтардын көрсөтүлүшү жөнүндө сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Наманган педагогикалык иниститутунун проректору М.Р. Кодиржонов жана тарых кафедрасынын башчысы ф.и.д(PhD) С.М.Ботирова менен өз ара байланышы түзүү боюнча макулдашылып жаңы жылдан жаңы иштерди ишке ашыруу максаты белгиленди. Кош дипломдуулук келишимди ишке ашыруу эки окуу жайдын окуу планын иштеп чыгуу, жана студенттерди кабыл алуу планы 2026-2027 окуу жылына пландаштырылды. Жолугушуунун жүрүшүндө Наманган мамлекеттик университети менен келишим ЖАМУнун ректору К..Ж.Усенов тарабынан түзүлгөндүгү белгиленип бул эки окуу жайдын ортосуда байланышты жандандыруу сунушталды. Иш-чаранын жүрүшүндө т.и.к., доцент Г.А.Анарбаева тарых профилинин сырттан окуп жаткан 5-курстун, жана күндүзгү 2-курстун студенттерине конок лекция өттү. Тарых профилинин студенттери Манас шаарына экскурсия уюштуруп берүүнү суранышты алардын сунушун социалдык билимдер факультетинин деканы философия илимдеринин доктору Ш.А.Хайдаралиев агай колдоп шарт түзүп берерин баса белгиледи о.э академиялык мобилдүүлүк, кош дипломдуулук боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Иш-чаранын жүрүшүнө ТИББ кафедрасынын башчысы а.ч.и.к., доцент Жээнбекова Бурулай о.э. К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин гуманитардык илимдер кафедрасынын башчысы т.и.к., доцент Мырзабаева Н.С лар катышышты.