1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Тарых кафедрасы
  5. Жаңылыктар

4 месяца назад

133

"МАНАС" ЭПОСУНДАГЫ БААТЫРДЫК НАРК НАСИЛ, БИРИМДИК ИДЕЯЛАРЫ ЖАНА Ч. АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫНДАГЫ УЛУТТУК БААЛУУЛУКТАР - ЭЛДИН МУРАСЫ"

Бүгүн 5-ноябрь 2025 жылы ЖАМУнун Э.Уметов атындагы Педагогикалык институтунун Тарых кафедрасынын Т-1-25, Т-1-24, Т-1-23, Т-1-22 тайпаларынын кураторлору Рысбаева Ж.Т., Атабекова Ш.Б., Умарова М.К., Райимкулова Г.А өз тайпаларынын студенттери менен ЖАМУда "Баатырдын руху-залкардын сөзү" аталышында 4-декабрдан 12-декабрына чейин белгиленип жаткан Манас жана Ч. Айтматов жумалыгынын алкагында "Манас" эпосундагы баатырлык нарк насил, биримдик идеялары жана Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы улуттук баалуулуктар-элдин мурасы" деген темада тегерек стол өткөрдүк. Иш чарага ЖАМУнун мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча жетекчи адиси Кайкиева Ү. Т. жана ПИ нун директору Калыбекова З.С. лар катышып, иш чаранын мыкты деңгээлде уюштурулганын, тегерек столго тарых профилинин студенттери жана конок катары чакырылган студенттердин да активдүү катышышкандыгын белгилеп, жакшы пикирлерин билдиришти. Мыкты баяндама, мыкты манасчы, мыкты монолог окуган жана викторинада алдыңкы жеңүүчү оорунга чыккан студенттерге белектер берилди. Тегерек столдо өтө маанилүү улуттук баалуулуктар жана нарк-насил маселелери кызуу талкуу жаратты. Натыйжада биз, акыркы 1000 -жылда Манасты жаратып, улут болуп сакталып келсек, соңку 100-жылда Ч. Айтматов аркылуу дүйнөгө таанылгандыгыбызга дагы бир жолу ынандык. Бул баалуулуктар кыргыз элинин нарк-насил, маданият, тарыхий энсклопедия, улуттук идеология булактары экенин билип, аларды жайылтып, сактап, кийинки муунга өткөрүп берүүчү муун экендигибизге дагы да көзүбүз жетти. Катышуучулардын баарына терең ыраазычылык билдирем.