1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Тарых кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

58

“КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ КОНЦЕПЦИЯСЫН ЖАШТАР ЖАНА СТУДЕНТТЕР АРАСЫНДА ЖАЙЫЛТУУ”

“Кыргыз жараны концепциясын жаштар жана студенттер арасында жайылтуу” аттуу семинар –тренинг өткөрүлдү. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 13-ноябрындагы ПЖ № 39 Жарлыгы менен “2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы” бекитилген. Концепцияны ишке ашыруу багытында бир топ иш-чаралар мерчемделип, аткарылып келүүдө. 2025-жылдын 4-декабрында Э.Уметов атындагы педагогикалык институттун тарых кафедрасынын илимпозддору Э.А.Авазов, К.А. Халматовдор тарабынан Т-1-22 жана Т-1-24 – тайпаларынын студенттерине “Кыргыз жараны концепциясын жаштар жана студенттер арасында жайылтуу” аттуу семинар –тренинг өткөрүлдү. Аталган иш-чарага бул багыттагы долбоордун эксперти т.и.к., профессор Ж. А. Дүйшеев, институттун директору доцент. З. Калыбекова, кафедра башчысы доцент Г. Анарбаева жана тарых кафедрасынын окутуучулары, ошондой эле колледждердин айрым окутуучулары катышышты. Модераторлор Э.Авазов жана К. Халматов төмөнку багыттар боюнча презентациялар боюнча баяндама жасашты:

1-багыт Кыргыз жараны деп өзүн таанууну аң-сезимдүү түшүнүүнү калыптандыруу;

2-багыт Кыргызстан элинин биримдигин чыңдоо, толеранттуулукту жогорулатуу жана көп түрдүүлүк дөөлөттөрүн урматтоону сактоо;

3-багыт  Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана илгерилетүү, көп тилдүүлүктү сактоо жана өнүктүрүү;

4-багыт Башкарууга жана чечимдерди кабыл алуу процесстерине катышуу үчүн бирдей шарттарды түзүү;

5-багыт. Саясий институттарга жана мамлекеттик бийлик органдарына карата ишенимди жогорулатуу.

Ар бир багыт боюнча талкууларга орун берилди жана топтук иштерде студенттер тапшырмаларды аткарышты. Семинардын жүрүшүндө аталган жарлыктын алкагында даярдалган “Мекеним менден башталат” темасы боюнча видеотасмалар көрсөтүлдү. Студенттер талкууга жана топтук тапшырмаларга активдүү катышып, өз ойлору менен бөлүшүштү. Өз сөзүндө Ж. А. Дүйшеев Жарлыктын мааниси жана аны ишке ашыруу багытындагы долбоордун максаты жана милдеттери тууралуу токтолуп, студенттер тарабынан берилген суроолорго жооп берди жана семинар-тренингде студенттердин активдүүлугүн белгиледи. Жыйынтык сөзүндө кафедра башчысы Г.Анарбаева уюштуруучуларга жана катышкандарга ыраазчылык билдирди.