1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Тарых кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

56

ИЗДЕНҮҮЧҮЛҮККӨ ШЫКТАНДЫРГАН ИЛИМИЙ СЕМИНАР

2025-жылдын 3- декабрь күнү Э.Уметов атындагы педагогикалык институтунун тарых кафедрасында аспиранттарга, изденүүчүлөргө жана болочок тарыхчыларга арналган илимий семинар уюштурулду. Бул маанилүү иш чарага кафедранын башчысы, доцент Г.А. Анарбаева , т.и.к., К. А. Халматов, аспиранттар Ниязбек уулу Исабек, К.И.Тайчиков, окутуучу М.К.Умарова , Тмс-1-25 тайпасынын магистранты А.А. Эралиева жана студенттер катышты. Семнарда тарых илимдеринин кандидаты, доцент Э.А. Авазов тарабынан “Илимий изилдөөнүн усулдары жана методологиясы” дисциплинасынын алкагында “Тарыхый изилдөөнүн негиздери, усулдары жана илимий иштин структурасы” деген темадагы презентация сунушталды. Анын жүрүшүндө тарых илиминин методологиясы, тарыхый таанымдын түрлөрү,принциптери ошондой эле салттык жана салттык эмес усулдары жөнундө маалыматтар берилди. Кийинки бөлүктөрүндө изилдөө ишинин этаптары, анын структуралык негизги бөлүктөрү, тариздөө иштери көрсөтмөлүү чагылдырылды.Семинар суроо жооптор менен коштолду. Жыйынтыгында кафедрадагы илимий иштер боюнча жооптуу тарых илимдеринин кандидаты К. А. Халматов иш чаранын натыйжалуу болгондугун белгилеп, өз ойлору менен бөлүшүштү жана баяндамачыга ыраазычылык билдирди.