1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Тарых кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

12

Т-1-22 ТАЙПАСЫНЫН СТУДЕНТТЕРИНИН МУЗЕЙ – АРХИВДИК ПРАКТИКАСЫНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ

2025-жылдын 6-октябрынан 31-октябрына чейин 2025-жылдын 6-октябрынан 31-октябрына чейин Т-1-22 тайпасынын 4-курсунун студенттери музей – архивдик практикадан өтүштү.Музей–архивдик практиканын негизги максаты — Т-1-22 тайпасынын студенттеринин музей жана архив иши боюнча теориялык билимдерин тереңдетүү, практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүү жана тарыхый булактар менен иштөө жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат.Практиканын өзгөчөлүгү — студенттер жүргүзүп жаткан илимий иштеринин темаларына ылайык музей жана архив материалдары менен түздөн-түз иш алып баруусунда болду. Ар бир студент өзүнүн темасына жараша фонддук документтерди, музей экспонаттарын, катталган материалдарды, архивдик булактарды изилдеп, практика учурунда керектүү маалыматтарды топтоду. Бул ыкма алардын теориялык билимин практикалык иш менен айкалыштырып, изилдөөчүлүк көндүмдөрүн өркүндөтүүгө шарт түздү.Практиканын жүрүшүндө студенттер шаардык жана областтык архивдерде, музейлерде тажрыйба өтүп, ошол эле учурда ЖОЖ менен үзгүлтүксүз байланышта болушту. Окутуучулар тарабынан методикалык кеңештер, түшүндүрмөлөр жана консультациялар онлайн жана оффлайн форматтарда үзгүлтүксүз берилип турду.Жыйынтыктоочу конференцияда Т-1-22 тайпасынын студенттери практика боюнча отчетторун, жүргүзгөн иштери жана изилдөөлөрү менен байланышкан байкоо-жыйынтыктарын сунушташты. Конференцияга катышкан кафедра окутуучулары жана жетекчилер алардын жигердүүлүгүн, жоопкерчилигин жана кызыгуусун жогору баалашты.Жыйынтыктап айтканда, Т-1-22 тайпасынын студенттери музей–архивдик практиканы ийгиликтүү аяктап, тарыхый булактар менен иштөө тажрыйбасын байытып, өзүнүн илимий темалары боюнча маанилүү материалдарды топтоого жетишишти.Т-1-22 тайпасынын 4-курсунун студенттери музей – архивдик практикадан өтүштү.Музей–архивдик практиканын негизги максаты — Т-1-22 тайпасынын студенттеринин музей жана архив иши боюнча теориялык билимдерин тереңдетүү, практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүү жана тарыхый булактар менен иштөө жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат.Практиканын өзгөчөлүгү — студенттер жүргүзүп жаткан илимий иштеринин темаларына ылайык музей жана архив материалдары менен түздөн-түз иш алып баруусунда болду. Ар бир студент өзүнүн темасына жараша фонддук документтерди, музей экспонаттарын, катталган материалдарды, архивдик булактарды изилдеп, практика учурунда керектүү маалыматтарды топтоду. Бул ыкма алардын теориялык билимин практикалык иш менен айкалыштырып, изилдөөчүлүк көндүмдөрүн өркүндөтүүгө шарт түздү.Практиканын жүрүшүндө студенттер шаардык жана областтык архивдерде, музейлерде тажрыйба өтүп, ошол эле учурда ЖОЖ менен үзгүлтүксүз байланышта болушту. Окутуучулар тарабынан методикалык кеңештер, түшүндүрмөлөр жана консультациялар онлайн жана оффлайн форматтарда үзгүлтүксүз берилип турду.Жыйынтыктоочу конференцияда Т-1-22 тайпасынын студенттери практика боюнча отчетторун, жүргүзгөн иштери жана изилдөөлөрү менен байланышкан байкоо-жыйынтыктарын сунушташты. Конференцияга катышкан кафедра окутуучулары жана жетекчилер алардын жигердүүлүгүн, жоопкерчилигин жана кызыгуусун жогору баалашты.Жыйынтыктап айтканда, Т-1-22 тайпасынын студенттери музей–архивдик практиканы ийгиликтүү аяктап, тарыхый булактар менен иштөө тажрыйбасын байытып, өзүнүн илимий темалары боюнча маанилүү материалдарды топтоого жетишишти.