1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Тарых кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

54

ИЙРИМДЕГИ ИЙГИЛИКТЕР

Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын алдында уюшулган “Бүчүр” аталышындагы адабий көркөм, илимий ийримдин мүчөлөрүнүн кезектеги иш-чарасы болуп өттү. Иш-чарага ийримдин илимий жетекчиси, п.и.к., доцент К.М. Ураимов модератордук кылып, алгач жогоруда аталган ийримдин тарыхы менен тааныштырылды. Ийримдеги аткарылган иштер илимий негизде эле эмес, студенттер арасынан чыккан келечектеги жаш акын-жазуучулардын да тушоосун кесип келет. Ийримдин жетекчиси ушул кезге чейин аткарылган ийримдин ийгиликтерин атайын слайд менен көрсөтсө, ийримдин жаш мүчөлөрү өзүлөрүнүн чыгарамчылык иштерин ар кандай формада бере алышты. Башкача айтканда, викториналык суроо-жооптор, кызыктуу талкуулар, риторикалык суроолордон турган баш катырмалар иштин жүрүшүн кызуу такууга айландырды. Баарынын көңүлүн бурган студенттердин жеке чыгармачылыгы менен жасалган куурчак театры болду. Катышкан ППОТ кафедрасынын окутуучулук-профессордук курамы ийримдин ишине жана жаш акын-жазуучуларга иштерине ийгилик каалашты. Ошол эле учурда куурчак театры аркылуу стартаптык долбоорлорду ишке ашырууга боло тургандыгын сунуштап кетишти. Иш-чаранын сонунда ийримдин мүчөлөрүнүн “Алгачкы чыйыр” аталышындагы чыгармалар жыйнагынын алгачкы бет ачары болду. Ошентип бул окуу жылындагы ийримдин ийгиликтеринин алгачкы саамалыктары чагылдырылды.