1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Тарых кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

56

"ИЛИМ ЖАНА КООМ: ЖАҢЫ ЧАКЫРЫКТАР" АТАЛЫШЫНДАГЫ ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ

2025–жылдын 6-ноябрында Б. Осмонов атындагы ЖАМУда илим айынын алкагында жана Кыргыз Республикасында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата "Илим жана коом: жаңы чакырыктар" аталышындагы илимий-практикалык конференция болуп, анын №8 – тарых багыты секциясында Тмаг-1-24 тайпасынын магистрлери активдүүлүгүн көргөзүштү.Секцияда жалпы 15 баяндама окулуп, алар негизинен Кыргызстан тарыхындагы актуалдуу маселелерди камтыган. Өзгөчө көңүлдү бурган жана сыйлыкка татыктуу болгон макалалар деп төмөнкүлөрдү эсептесек болот:1. Абдылдаева Наргиза – «Кокон хандыгынын салтуу окуу жайлары жана алардын ишмердүүлүгү». Баяндамасында Кокон хандыгындагы салттуу билим берүү мекемелеринин түзүлүшү, иш тартиби жана коомдук турмушка тийгизген таасири талданды.2. Урмамат кызы Элнура – «Майлуу-Суу шаары: уран кендери жана экологиялык коопсуздук». Изилдөөдө Майлуу-Суудагы уран өндүрүүнүн тарыхый этаптары, калдыктардын экологиялык абалга тийгизген таасири жана коркунучтарды азайтууда көрүлүшү зарыл чаралар көрсөтүлдү.3. Аскаралиева Жаныл – «Кыргызстан тарыхындагы Мырзакул болуштун орду». Баяндамада Мырзакул болуштун коомдук-саясий ишмердиги, аймактагы башкаруудагы ролу жана тарыхый мурасы тууралуу маалыматтар берилди.4. Акматжанова Перизат – «Түркстан генерал-губернаторлугу Россия империясынын өзгөчө ээлиги катары». Автор Түркстан аймагынын падышалык Россия үчүн стратегиялык маанисин, башкаруу өзгөчөлүктөрүн жана колониялык саясатынын таасирин ачып көрсөттү.5. Темирова Сайкал – «К.П. фон Кауфмандын Түркстанда орус агартуу системасын түзүүдөгү ролу». Баяндамада генерал-губернатор Кауфмандын билим берүү жаатындагы реформалары жана жаңы мектеп тармагынын калыптанышы талданып берилди.6. Эрбаева Луиза – «XIX кылымдын аягы – XX кылымдын башында Базар-Коргондогу алгачкы орус кыштактары». Изилдөөдө аймактагы орус кыштактарынын пайда болуу себептери, жергиликтүү калк менен болгон социалдык байланыштар жана алардын аймактык өнүгүүгө кошкон салымы чагылдырылды.Конференциянын соңунда катышуучулардын добуш берүүсүнүн негизинде мыкты баяндамалар аныкталып, диплом жана сертификаттар менен сыйланышты.