1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Тарых кафедрасы
  5. Жаңылыктар

11 месяцев назад

93

1

ОКУМУШТУУЛАР АЗАТТЫК КҮРӨШҮНҮН ТАРЫХЫ БОЮНЧА БӨЛҮШТҮ

2023-жылдын 29- январында “Түрк эли” (АКШ) эл аралык бейөкмөт уюму тарабынан уюштурулган Кыргызстандык , Өзбекстандык окумуштуулар катышкан кезектеги онлайн конференция болуп өттү. Конференцияда Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин тарых кафедрасынын доценти, т.и.к. Э.А. Авазов “Анжиян көтөрүлүшүнүн тарыхнаамасы: колониялык, советтик жана постсоветтик мезгилдерде” деген темада илимий баяндама жасады. Автор өзүнүн жеке изилдөөлөрүнүн негизинде 1898-жылдагы Анжыян көтөрүлүшүнүн революцияга чейинки ,советтик жана постсоветтик тарыхнаамасы боюнча бир топ омоктуу ойлору менен бөлүштү. Жыйынтыгында колониялык доордо расмий пикир үстөмдүк кылгандыгы,советтик доордо таптык позициядан улам “прогрессивдүү,”“реакциялык,” “эмгекчилердин күрөшү” деген көз караштар орун алгандыгы,постсоветтик доордо улуттук тарыхнаамада азаттык күрөш катары каралып жаткандыгы белгиленди. Ошондой эле автор аталган окуянын чет элдик тарыхнаамасында мусулманчылык маселесинин өнүтүндө кароого көнүл бурулуп жаткандыгында токтолду. Илимий конференцияда АКШда негизделген “Түрк эли” эл аралык бейөкмөт уюмунун директору, Улуттук изилдөө университетинин гуманитардык илимдер бөлүмүнүн башчысы тарых илимдеринин доктору Улжаева Шохиста эжеке, Хашимжанов Икрам Акрамович- Казакстан өзбектеринин этномаданий бирикмелеринин «Дослик» коомунун төрагасы, Эл аралык Амир Темур коомдук фондунун Казакстандагы бөлүмүнүн жетекчиси, ошондой эле белгилүү тарыхчы окумуштуу Обиджон Махмуд Довоний , К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин профессору, тарых илимдеринин кандидаты Дуйшеев Ж. А, Чирчик мамлекеттик педагогикалык университетинин профессору, тарых,философия жана саясий илимдеринин доктору Назаров Насридин Атакулович жана тарых кафедрасынын башчысы т.и.к., доцент Г.А.Анарбаева жана кафедра мүчөлөрү катышышты. Эл аралык илимий конференция суроо жооптор менен жыйынтыкталып уюштуруучулар тарабынан авторго ыраазычылык билдирилди.

Эске салсак, Эрнис Авазов 2004-жылы профессор Т. Кененсариевдин жетекчилигинде “Анжиян көтөрүлүшү: генезиси, жүрүшү, жыйынтыктары” деген темада кандидаттык диссертация коргогон. Мындан улам XIX к. аягы ХХ к. баш чендеринде Фергана өрөөнүндө болуп өткөң азаттык күрөштөрүнүн, падышачылыктын аталган аймактагы оторлоштуруу саясатынын, орус тектүү элдердин көчүп келишинин, мусулманчылык маселелеринин, орус –тузем мектептеринин тарыхына арналган жана тарыхнаамалык тариздеги айрым изилдөөлөрү менен белгилүү окумуштуу.