Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окумуштуулары Эл аралык конференцияда

Үстүбүздөгү жылдын 24-26-апрелиде Өзбекстан Республикаынын Чирчик мамлекеттик педагогикалык университетинде “Санариптик коомдо адамдык капиталды өнүктүрүү: мүмкүнчүлүктөр жана перспективалар”аттуу эл аралык конференция болуп өттү. Конференцияга Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессордук –окутуучулук курамы активдүү катышышты. Биринчи күнү ар бир катышуучу өздөрүнүн адистиктери боюнча тиешелүү тайпаларга мобилдүүлүк боюнча сабак өтүштү. Конференциянын жүрүшүндө т.и.к, доцент Г.А.Анарбаева пленардык жыйында “Тарых илимдери жаатындагы туруктуу өнүгүү контекстинде адам капиталын калыптандырууда заманбап билим берүү технологиялары”, п.и.к., доцент Г.Э.Маатазимова “Баяндоо тексттериндеги "Окуялардын тизмегин түзүү аркылуу логикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү”, филол.и.к., доцент З.С.Калыбекова “Кыргыздардын жана орустардын кыймыл каражаттарына байланышкан улуттук стереотиптери”, айыл-чарба илимдеринин кандидаты Б.Ж Жээнбекова "Кыргыздын жүндүү эчкилеринин клиникалык-физиологиялык көрсөткүчтөрү”, кадрларды кайра даярдоо иниститунун башкы адиси К.М.Таштанова “Компетенттүүлүккө багытталган тапшырмалар негизги жана предметтик компетенттүүлүктүн калыптанышына өбөлгө түзүүчү курал катары" деген темаларда планенардык жана секциялык жыйындарда илимий баяндама жасашып сертификаттарга ээ болушту. Э.и.д.,проф Карбекова А.Б, ф.и.д,проф Токоева Г.С., филол.и.к., доцент Шакирова М.Р эжекелер илимий баяндамалар менен онлайн катышышып сертификат алышты. Илимий жыйынга катышууга чоң өбөлгө түзүп, жардам бергендиги үчүн ЖАМУнун жетекчилигине терең ыраазычылык билдиребиз.