ТАРЫХЫЙ БУЛАКТАР САНАРИПТЕШТИРҮҮ ШАРТТАРЫНДА

2025-жылдын 6- апрелинде тарых илимдеринин кандидаты, доцент Э.А. Авазов тарабынан “ТАРЫХЫЙ БУЛАКТАР САНАРИПТЕШТИРҮҮ ШАРТТАРЫНДА” деген темада методологиялык семинар өтүлдү.
Тарыхый булактар тарых илимдеринин өнүгүшүнө жана конкреттүү тарыхый изилдөөлөрдү жүргүзүүгө илимий жана таанып-билүүчү өбөлгөлөрдү түзөөрү бышык . Көптөгөн документтерди санариптештирүүнүн аркасында тарыхый булактардын чөйрөсү дагы кеңейүүдө. Улам барган сайын көбөйүп бараткан маалымат агымын салттуу ыкмалар менен талдоо мүмкүн болбой калды. Ушуга байланыштуу, санариптик булактардын илимий изилдөө иштерине ылайыктуулугу, тарыхый булак катары алардын статусу азыркы илимге тиешелүү, маалыматтык коммуникациялык технологиялар менен ажырагыс байланышта болушу актуалдуу маселердин бирине айланды. Ушул актуалдуу маселеге карата 20025-жылдын 6- апрелинде тарых илимдеринин кандидаты, доцент Э.А. Авазов тарабынан “ТАРЫХЫЙ БУЛАКТАР САНАРИПТЕШТИРҮҮ ШАРТТАРЫНДА” деген темада методологиялык семинар өтүлдү.. Санариптештирүүнүн тарыхый булактаанууга тийгизген таасирлери жана келечеги боюнча автор өз тыянактары менен бөлүштү.т Белгилей кетсек автор соңку мезгилдерде аталган маселенин айланасында бир катар маклаларын жарыялап жана аны презентациялап келүүдө. Ага магистранттар жана калоочулар катышты жана кызыккан суроолоруна жоопторду алышты. Семинарга катышкан тарых кафедрасынын кафедра башчысы Г.Анарбаева жана педагогика, психология жана окутуунун технологиясы кафедрасынын башчысы,п.и.к., доцент Г.Э. Маатазимова тарабынан сунуштар айтылып, семинардын максатка жеткендиги белгиленди. Жыйынтыгында семинардын материалдарын “Кыргызстандын тарыхынын булактануусу” курсунда колдонууга сунушталды.