1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Тарых кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

54

1

7-апрель Элдик революцияга 15 жыл

Бүгүн Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин тарых жана педагогика профилинде окуган студенттер менен бирдикте 7-апрель Элдик революциясынын 15 жылдыгына карата тегерек стол уюштурулду. Тегерек столго тарых кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы жана педагогика кафедрасынын доценти К.Ураимов агай катышты. Тарых кафедрасынын илимий иштер боюнча жоопту т.и.к., улук окутуучу Халматов Кудрет Абдувахопович "2005 -жылдагы март жана 2010-жылдагы апрель окуяларынын айрым аспектилери", Т-1-24 тайпасынын студенти Бакиева Мадина "2010-жылдын 7-апрелиндеги революция: Жети дубандагы окуялар", Т-1-24 тайпасынын студенти Аманов Байтур " 2010-жылдын апрель окуялары: себептери шарттары" аталыштагы кызыктуу баяндамаларды жасашты. Кафедра башчысы т.и.к., доцент Г.А.Анарбаева, кафедранын доценти т.и.к., Э.А. Авазов, кафедранын улук окутуучусу Ж.Т.Рысбаева, кафедранын окутуучусу Ш.Б.Атабекова жана педагогика кафедрасынын доценти К.Ураимов  бул тарыхый окуялар боюнча өз ойлорун айтышып, кызыктуу суроолор го жооптор алынып, тегерек стол ийгиликтүү жыйынтыкталды