Практика ийгиликтүү жыйынтыкталды

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин тарых профилинин 3-курсунун студентери окуу планына ылайык 2025-жылдын 17-февралынан 17-мартка чейин кесиптик-базалык практиканы ийгиликтүү аякташты. 25.03.2025 жылы жыйынтыктоочу конференция болуп студенттер практиканын жүрүшү боюнча отчетторун тапшырышып, тиешелүү бааларга ээ болушту. Ошондой эле бул конференция га сырттан окуу бөлүмүндө окуган Тс-1-22 тайпасынын студенттери да катышып адаптациялык-педагогикалык практика боюнча маалымат беришип отчетторун тапшырышты. Конференцияга ЖАМУнун карьера жана өндүрүштүк практика бөлүмүнүн башкы адиси Н.Жолдошалиева тарых кафедрасынын практика боюнча жооптуу К.И.Тайчиков, практика жетекчилери Г.А.Анарбаева жана Ж.Т.Рысбаевалар катышышып ой-пикир, сунуштарын айтышты.