Аксы окуясына 23 жыл

23.03.2025-жылы Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин тарых кафедрасынын профессору: т.и.к., Э.Ж.Сулайманов, т.и.к., доцент Г.А.Анарбаева, улук окутуучу Ж.Т.Рысбаевалар Аксы окуясынын 23 жылдыгына карата социалдык- экономикалык багытынын тарых профилиндеги окуп жаткан студенттерге Аксы окуялары боюнча маалымат беришти. Аксы окуясынын келип чыгыш себептери, жүрүшү, жыйынтыгы жана тарыхый мааниси жөнүндө баяндашып төмөнкүлөргө токтолушту. Мындан 23 жыл мурда болуп өткөн "Аксы" деген ат Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан эле. Элдин эркиндиги, адилеттиги үчүн керек болсо жан аябай күрөшүү керек экенин Аксылык баатырлар өз өмүрүн берип көрсөтүшкөн. Алар эркиндик, адилеттүүлүк, намыс дегендер кыргыз элинин канына сиңип, эч качан кетпей турганын эске салышкан. Андан ары докладчылар Аксы окуясы болбосо 24-март 2005-жылдагы жана 7-апрель 2010-жылдагы элдик революциялар болмок эмес деп баса белгилешип, жогоруда болуп өткөн үч чоң саясий окуя эгемен Кыргызстандын демократия жолундагы, жаңы коом, жаңы мамлекет куруу жолундагы эң татаал бирок абдан маанилүү үч ашуусу болгондугун даректүү тасмалар менен баяндап беришти