24-март окуясына 20 жыл.

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин тарых кафедрасынын доценти Г.А.Анарбаева бүгүн педагогикалык факультетинин ИЭТ-1-2-24, Т-1-24, ПОФТАС-1-2-24 жана М-1-24 тайпаларынын студенттерине 24-март 2005-жылда болуп өткөн саясий төңкөрүш, элдик ыңкылап боюнча маалымат берди. Өлкөнү башкарууда "үй-бүлө бийлиги"(президенттин үй-бүлөсү) толугу менен орногону, кадр маселесинин компененттүлүк эместиги, коррупциялык өнөктүк жана паракорчулук инкылаптын чыгышынын негизги өбөлгө болгондугуна токтолду. Үй-бүлөөлүк тууган туушкандыктын чегиндеги жана адилетсиз бийликке нааразычылык катары Жалал-Абад шаарындагы элдик толкундоолордун башталуусу, аны Ош, Нарын, Ысык-Көл жана башка аймактардын элинин жапырт колдоосунун натыйжасында бийлик алмашуу процессине токтолду. Ошондой эле студенттер тарабынан кызыктуу суроолор берилип толук кандуу жооп алынып, иш-чара кызыктуу талкуу менен жыйынтыкталды.