Уңгужол жарлыгы студенттерге жеткирилди

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин табыгый-техникалык факультетинде Кыргыз Республикасынын Президенти С.К.Жапаровдун "Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгужолу жарлыгын ишке ашыруу максатында Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин тарых кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Анарбаева Гулнора Абдуманоповна факультетте билим алып жаткан студенттерге жана окутуучуларга лекция окуду. Г.А.Анарбаева өзүнүн докладында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы Жарлыгы Кыргыз Республикасынын эли ушул күнгө чейин келечекке ишеним жарата турган, коомдун мүмкүнчүлүгүн жаратмандыкка багыттоо күчүнө ээ, элдин биримдигин, уюмдашуу жөндөмүн арттыра алган, узак мөөнөттүү идеологияга, баш багытка муктаж бойдон калып келди. Аталган кырдаалдан ылдам чыгуунун ишенимдүү жолдорунун бири, кыргыз жарандарын бир муштумга бириктире турган, куттуу келечекке ишеним көрсөтө алган Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 369 ""Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгужолу жөнүндө" Жарлыгы патриоттуулукту арттырган, жарандык мекенчилдикти күчөткөн, улуттун демин арттырып, ага дымак берген, жаңы демилгелердин жаралышына жол ачкан идеяларды иштеп чыгып, аны ыкчамдык менен ишке киргизүү экендиги маалым болду. Андай идеялар бүгүн бизде бар, ал - Кыргыз Республикасынын "Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгужолу деп Кыргыз Республикасынын президентинин сөзүн баса белгилеп, мамлекеттик, коомдук-саясий, жарандык институттардын ишин бир нукка салуу менен нарктуу, мекенчил, жоопкерчиликтүү жарандарды калыптандырып, кубаттуу мамлекет куруу максатын көздөгөн уңгү жолу экендигин баса белгиледи.
"Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгужолу биздин өлкөдөгү бардык жарандардын мекенчилдигин арттырып, улуттук нарктуулукту, каада-салтты бекем сактап жаштарды патриоттуулука, ата-мекенин сүйүүгө, мамлекеттүүлуктүн түптөлүшүнө керт башын сайган ата-бабалардын үлгүлүү уңгүжолу, жаштарга сыймык болооруна кеңири токтолду. Аталган жарлыкты талкуулоого окутуучулар жана студенттер активдүү катышып, алар өздөрүнүн кызыккан суроолорун берип, такууга активдүү катышышты.