"Тарыхый инсандардын татаал тагдырлары - уңгужол үлгүлөрү"

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медицина факультетинде Кыргыз Республикасынын Президенти С.К.Жапаровдун "Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгужолу жарлыгын ишке ашыруу максатында Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин тарых кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Анарбаева Гулнора Абдуманоповна медициналык факультетте билим алып жаткан студенттерге жана окутуучуларга “Тарыхый инсандардын татаал тагдырлары - уңгужол үлгүлөрү” аталыштагы тема боюнча лекция окуду. Г.А.Анарбаева өзүнүн докладында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы Жарлыгы Кыргыз Республикасынын ""Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгужолу жөнүндө" Жарлыгы менен тааныштырып эгемен кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө керт башын сайган кереметтүү Ыссык-Көлдөн чыккан патриот инсандарыбыз Касым Тыныстановдун, Кусеин Карасаевдин жана Зияш Бектеновдун басып өткөн өмүр жолу өрнөктүү жана даңазалуу жана кайгылуу тарыхый жолуна токтолуп бул инсандардын үлгүлүү уңгүжолу, жаштарга сыймык болооруна кеңири токтолуп кетти. Лекциянын жүрүшүндө студенттер жана окутуучулар өздөрү кызыккан суроолорго толук кандуу жооп алышып, такуу оз максатына жетти. Президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаровдун жарлыгында баса белгиленген-“Кыргыз Республикасынын "Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгужолу уланып улутубуздун жүзү болгон бул аталар дайыма эскерилип, даңкталып муундан-муунга жеткирилип туруусу абзел. Кыргыз эли кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан.