АТАЛАР ТУУРАЛУУ АЛГЫ СӨЗ

Өлкө башчысы С.Н.Жапаровдун 2024-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чараларды өткөрүүнүн алкагында кабыл алынган “Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар жөнүндө” Жарлыгын жүзөгө ашыруу боюнча тарых кафедрасында иш чаралар мерчемделген. Бул багытта 2025-жылдын 27-февраль күнү Э.Уметов атындагы педагогикалык факультеттин тарых кафедрасынын доценти Э.Авазов тарабынан “Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталардын ишмердүүлуктөрү” деген темада илимий лекция өтүлдү. Коомдук жана мамлекеттик ишмер, окумуштуу, тарыхчы Абдыкерим Сыдыковдун (1889-1938), Ревкомдун төрөгасы - Иманаалы Айдарбеков (1894-1938), Кыргыз улуттук советтик мамлекетинин негиздөөчүлөрдүн бири, Облаткомдун төрагасы Абдыкадыр Орозбековдун (1889-1938), Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Советинин биринчи төрөгасы Ж.Абдрахмановдун (1901-1938) жана жадиддик билим берүүнү жана жадидизм идеяларын кыргыз жергесинде жайылткан алгачкы агартуучу Эшенаалы Арабаевдин өмүрү жана ишмердүүлүктөрү, катаал тагдырлары атайын даярдалган слайд менен коштолуп баяндалды. Лекциянын жүрүшүндө лектордун бир катар илимий макалалары, изденүүлөрүнүн жыйынтыктары колдонулду. Жыйынтыгында 1924-ж. 14-октябрда кыргыз эли өз улуттук мамлекеттүүлүгүнө жетишкени, Кыргыз автономиялык областы мамлекеттүүлүктүн алгачкы тепкичи катары элибиздин ХХ кылымдагы чоң тарыхый-саясый окуясы болгондугунун мааниси ачып берилди. Мамлекеттүүлүктү түптөөдө жогорудагы инсандардын салымы зор экендиги, мындан улам аларды эскерүү жана ысымдарын түбөлүккө калтыруу элибиздин ыйык парзы экендиги белгиленди. Илимий лекцияга факультеттин деканынын социалдык жана тарбия иштер боюнча орун басары М.Умарова жана тарых кафедрасынын илимий иштер боюнча жооптуусу, тарых илимдеринин кандидаты К.Халматовдор катышышты.