1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Тарых кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

65

1

Изденген сабак ийгиликке жол ачат 

2025-жылдын 27-февраль күнү Э.Уметов атындагы педагогикалык факультеттин тарых кафедрасынын доценти Э.Авазов тарабынан Кыргызстандын тарыхы предмети боюнча П-1-23 тайпасында “Кыргызстан жана кыргыздар монгол үстөмдүгү жана Моголистан мезгилинде (XII-XV кк.)” деген темада лекциялык ачык сабак өтүлдү. Сабакта Монгол империясынын түзүлүшү, кидандардын (кара-кытай) жана наймандардын басып кириши, моңголдордун кыргыздар менен Кыргызстанды басып алышы талкууга алынды. Сабакка өбөлгө түзүүдө лектор тарабынан берилген суроолорго жооп берүүдө студентер айрыкча Чынгызхан тууралуу маалыматтарын ортого салышты. Сабак боюнча слайд лектор тарабынан илимий тариздеги маалыматтар менен коштолду. Лекциянын жүрүшүндө монгол империясынын түзүлүшү, басып алууларынын жүрүшү, анын жыйынтыктары, Чынгызхандын теги жана анын урпактарынын кийинки тагдырлары ырааттуу баян этилди. Монгол басып алууларынын багыттары көрсөтүлгөн карталар пайдаланылгандыгы лекциянын студенттерге жеткиликтүү болушуна өбөлгө болуп, суроо-жооптор менен бышыкталды.Сабактын көрсөтмөлүү болушу, лектордун материалдарды аргументттер жана фактылар менен баяндап бериши студенттердин кызыгуусун жаратып, ачык сабактын максатына жетишин шарттады. Сабакка тарых кафедрасынын башчысы, доцент Г.Анарабаева, профессор Э.Сулайманов, окутуучу М.Умарова жана педагогика, психология жана окутуунун технологиясы кафедрасынын доценти К.Ураимовдор катышып, лекторго ийгиликтерди каалашты.