1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Тарых кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

93

1

Белгилүү тарыхчы Тынчтыкбек Кадырмамбетович Чоротегин ЖАМУда

 Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кичи жыйындар залында тарых илимдеринин доктору, профессор Тынчтыкбек Чоротегин конок лекция өттү.

Конок лекцияга ЖАМУнун окуу иштери боюнча проректору т.и.д., профессор А.П.Алибаев, ЖАМУнун профессорлору т.и.к., К.А.Айдаркулов, Э.Ж.Сулайманов, илим жана аспирантура бөлүмүнүн жетекчиси ф.и.к.,доцент Д.М.Чокоева тарых кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышышты. Лекциядан соң катышуучулар, студенттер тарабынан кызыктуу суроолор берилип, лектор тарабынан толук маалымат алынды. Тынчтыкбек Кыдырмамабетович өзүнүн монографияларын библиотекага белек кылды. Мындай жолугушуулар улана бермекчи - дешет уюштуруучулар.