ЖАЗГЫ ЖАШЫЛДАНДЫРУУ БИЗДИН ФАКУЛЬТЕТТЕ
Кыргыз республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин билим берүү уюмдарында жалпы республикалык көчөт отургузуу өнөктүгүн уюштуруу жөнүндөгү 27.03.2024 №484/1 буйруктун негизинде №171-т “Бир окуучу – бир көчөт” акциясын колдоо максатында Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинде 06.04.2024 күнү жалпы жамааты катышкан ишембилик болуп өттү . Ишембиликте 15 түп алма көчөтү, 10 түп сирень көчөтү, 30 даана роза гүлүн олтургузушту. “Бир окуучу – бир көчөт” акциясына факультеттин деканы фил.и.д.профессор Г.С.Токоева , физика жана информатика, тарых, математика жана математикалык моделдештирүү, дене тарбия жана спорт, БАС кафедраларынын окутуучулар жамааты активдүү катышышты. Андан сырткары студенттер дагы өздөрүнө бөлүнгөн территорияларында тазалоо иштерин жүргүзүштү.