1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Жаңылыктар

8 часов назад

16

КАРЫСЫ БАРДЫН ЫРЫСЫ БАР

Э.Уметов атындагы педагогикалык институт 2026-жылдын 1-октябрында Эл аралык карылар күнүн белгиледи. Бул күндү 1990-жылы БУУнун Баш катчылыгы расмий майрамдардын катарына киргизген. Карылар күнүн белгилөөнүн максаты - дүйнө коомчулугунун улгайган адамдардына сый-урмат көрсөтүү, карыялардын коомчулукка керек экендигин түшүндүрүү аркылуу аларга колдоо көрсөтүү. Майрамдык иш чарага ЖАМУдагы ардактуу инсандар профессор К.С.Алыбаев, т.и.к., ЖАМУнун профессору Э.Сулайманов, б.и.к., доцент Г.И.Жусупбаева, доценттин.м.а. К.Т.Ажибаев, ф-м.и.к., доцент З.И.Имонкулов чакырылды. Студенттер менен жолугушууда алар өздөрүнүн илим жолундагы ийгиликтери, турмуштук кеңештер, инсандык сапаттардын түптөлүшү боюнча баалуу пикирлерин билдиришти. Жолугушуу ийгиликтүү өттү: студенттер өздөрүн кызыктырга суроолорду беришип, аларга жооп ала алышты.